• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстандын Жогорку соту Назарбаевдин байлыгы боюнча ишти кароодон баш тартты

21 Баш оона 202411:03 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жогорку соту мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин байлыгына байланыштуу ишти кароодон баш тартты. Бул тууралуу Nege.kz басылмасы жазды.

Маалыматта айтылгандай, Казакстандын жараны Кайыргелди Смагуловдун арызын алдын ала кароо боюнча кассациялык коллегия анын Назарбаевдин мүлкүн мамлекеттин пайдасына өндүрүүгө багытталган доосун андан ары кароого негиз жок деп тапкан.

«Арыздын жүйөлөрүн изилдеп чыгып, судья сот актыларын кайра кароого негиз жок деп эсептейт», — деп айтылат документте.

Бул Кайыргелди Смагуловдун экс-президенттин мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялоо боюнча соттогу үчүнчү аракети экени белгиленет.

2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон.

Январь окуясы Казакстандын гана эмес, Назарбаевдин тажрыйбалуу саясатчы катары тарыхындагы да бурулуш окуя болду.

Бул кандуу окуяга, айрым серепчилердин пикиринде, Назарбаевдин командасы менен Токаевдин тегерегиндеги топ ортосундагы күрөш себеп болгон. Нааразылык акциялары башаламандык менен уланып, абал курчуганда Токаев Коопсуздук кеңешиндеги төрагалыкты өзүнө алган, саясий аренанын алдыңкы катарына өзү чыгып, Назарбаевдин таасирин кыйла алсыраткан.

Өлкөнүн башкы мыйзамынан тунгуч президент тууралуу сөздөрдүн баары, анын ичинде Назарбаев эгемен Казакстандын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн норма да алынды. Кийин ал «эл башы» макамынан да ажыратылган.

Назарбаевдин көптөгөн туугандары бийлик органдарынан кетирилип, айрымдары камакка алынган.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылы кызматтын өткөрүп берген, ал өлкөнү 29 жыл башкарган.

Количество просмотров: 145