• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Назарбаев өзүнүн атындагы университет, мектептер жана фонддун төрагасы макамынан ажыратылды

5 Теке 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-июлда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди университеттин, мектептердин жана анын атындагы фонддун жогорку башкаруу органынын жетекчиси макамынан ажыраткан өзгөртүүлөргө кол койду.

Атап айтканда, “Назарбаев Университетинин, Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин жана Назарбаев Фондунун макамы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, жогорку камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп Казакстандын президенти же Казакстандын президенти дайындаган адам саналат. Жогорку камкорчулар кеңеши жөнүндө жобону төрага бекитет.

2011-жылы кабыл алынган мыйзамда Жогорку камкорчулар кеңешинин төрагасы биринчи президент Нурсултан Назарбаев экени жазылган.

Быйыл февралда президент Касым-Жомарт Токаев «Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу» мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койгон.

Мыйзамда өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.

Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылган.

Количество просмотров: 133