• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстанга 4 миң беткапты аткезчилик жол менен алып бараткандар кармалды

23 Жалган куран 2020 14:16 Бишкек Govori.TV

Чек арачылар Казакстанга 4 миң беткапты аткезчилик жол менен алып бараткан 1995-жылы туулган Д.Т. уулун кармашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Чек арадагы “Ак-Тилек – Автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде ал текшерүүгө алынган. Д.Т. уулу келинчеги Казакстандын жараны экендиги, ошого кабар алганы жол алганын айткан. Анын колдо көтөргөн баштыгын текшерген учурда 4 миң даана медициналык бет кап чыккан. Товардын тиешелүү документтери болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулгандан соң, андан ары териштирүү үчүн шектүү өзү жана колундагы товары менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мобилдүү тобуна өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетели, Өкмөттүн токтомуна ылайык, кырдаалга байланыштуу дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды Кыргызстандын аймагынан чет жактарга чыгарып кетүүгө алты айга тыюу салынган.

Количество просмотров: 183