• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстан Казакстанга аскерлерди жиберүүдөн баш тартса болот беле? Ташиевдин жообу…

7 Үчтүн айы 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо узатып, «биз аскерлерди жиберүүдөн баш тартсак болот беле?» деп суроо салды.

Ага жооп берген Ташиев жардам сураган коюшуга жооп бербей коюш туура эмес болуп калмак деди.

«Албетте ар бир мамлекет өзүнүн позициясын айтып, жибербей койсо болот. Бирок биз ЖККУнун курамына кирип, анын эрежелерине макул болгонбуз. Анан коңшулар жардам сурап жатканда баш тарта албайбыз. Кызматташтык келишимин сактоо керек», — деди ал.

Ал эми Бекешев аскерлерге карата ар кандай чагымчыл көрүнүштөр болуп кетүүсү мүмкүн экенин кошумчалады.

«Биздин барган аскерлер бөлүнүп берилген гана объектини кайтарат. Андан башка иштерге аралашпайт», — деп жооп кайтарды Ташиев.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтөт.

Ошондой эле ЖККУнун башка өлкөлөрү:

  • Армения — 100-300гө аскер,
  • Россия — 1400 аскер,
  • Беларусь — 300 аскер,
  • Тажикстан — 100-200гө чейин аскер кызматкерин жөнөтөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулду. Эл өкүлдөрү коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат, каттоодон 53 депутат өттү. Ал ортодо Ак үйдүн алдында кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршы митинг өтүп жатат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды.

Количество просмотров: 139