• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казино мыйзамы. Төрага каршы депутаттарды добуш берүүгө үндөдү

22 Кулжа 2022 19:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар кумар оюндарына байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.

Буга чейин мыйзам долбооруна 59 эл өкүлү «макул», 9 депутат «каршы» деп добуш берсе, алты депутат добуш берген эмес. Алар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Айгүл Айдарова, Алишер Эшбаев, Исхак Масалиев жана Эмил Токтошев. Натыйжада тыныгуу жарыяланып, фракция лидерлери төрага менен жыйынга кирип кетишкен.

Тыныгуудан кийин парламенттин төрагасы Талант Мамытов белгилегендей, фракция лидерлери менен болгон жолугушууда депутаттар добуш берүүгө кайдыгер карай албай турганы айтылды. Алар макул же каршы добуш бериши керек.

«Бул мыйзам долбоору боюнча өз позицияңызды айтышыңыз керек. Регламент муну талап кылат», — деди Талант Мамытов.

Депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун материалдары колунда жок болгондуктан добуш бербегенин белгиледи.

Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Конституцияда мыйзам долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деп жазылганын айтты. Ал кесиптештерин мыйзамды сактоого чакырды.

Количество просмотров: 207