• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жалал-Абад шаарында “Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” арналган иш-чара эми Талас облусунда өткөрүлөт

16 Аяк оона 2018 12:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.09.2018. Govori.TV
2018-жылдын 15-сентябрында саат 16:00дө Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов баш болгон “5-октябрь Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” арналган иш-чара КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан башталды. Кийинки иш-чара Талас обусунда өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу ӨКМ басма-сөз кызматынан кабарлады.
Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  К. Сатыбалдиев, Улуттук Кызыл Ай Коомунун директору Г. Джолдошова, Жалал-Абад шаардык жаштар комитети, Аксакалдар кеңеши катышты.
Жарандык коргонуу кызматтарынын өрт өчүрүүчү, атайын жана авариялык-куткаруу автоунаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары менен жөө жүрүш болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов чыгып сүйлөп, бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп өттү. “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты өзгөчө кырдаалдар коркунучу тууралуу кабарландыруу, өзүн сактоо жолдорун үйрөтүү жана окутуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө күч жумшап келет. Кырсыктардын тобокелин азайтуу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында үйрөтүүчү семинарларды калк менен жолугушууларды жана өзгөчө кырдаалдарга даярдоо боюнча жергиликтүү деңгээлде мелдештерди өткөрүп келет. Бирок, жасалып жаткан бул аракеттер чектелүү болуп, аны жакшыртуу жана комплекстүү алып баруу үчүн дагы өтө көп иштерди жасоо алдыда турат”-деди Н.Мирзахмедов.
ӨКМнин кутаруучулары, Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү, Улуттук Кызыл Ай Коому менен биргеликте жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык түрдө аткарышууда. Кошумча маалымат берилет.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт. 2018-жылдын 8-сентябрында Баткен облусунда, 9-сентябрда Ош облусунда мындай иш-чаралар өткөрүлгөн.

Жалал-Абад шаарында “Кырсыктын тобокелин азайтуу күнүнө арналган иш-чара жыйынтыкталды

2018-жылдын 15-сентябрында саат 16:00дө Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов баш болгон “5-октябрь Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” арналган иш-чара КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан башталды.Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, Улуттук Кызыл Ай Коомунун директору Г.Джолдошова, Жалал-Абад шаардык жаштар комитети, Аксакалдар кеңеши катышууда.Жарандык коргонуу кызматтарынын өрт өчүрүүчү, атайын жана авариялык-куткаруу автоунаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары менен жөө жүрүш болду.Иш-чаранын жүрүшүндө КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов чыгып сүйлөп, бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп өттү. “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты өзгөчө кырдаалдар коркунучу тууралуу кабарландыруу, өзүн сактоо жолдорун үйрөтүү жана окутуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө күч жумшап келет. Кырсыктардын тобокелин азайтуу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында үйрөтүүчү семинарларды калк менен жолугушууларды жана өзгөчө кырдаалдарга даярдоо боюнча жергиликтүү деңгээлде мелдештерди өткөрүп келет. Бирок, жасалып жаткан бул аракеттер чектелүү болуп, аны жакшыртуу жана комплекстүү алып баруу үчүн дагы өтө көп иштерди жасоо алдыда турат”-деди Н.Мирзахмедов.ӨКМнин кутаруучулары, Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмү, Улуттук Кызыл Ай Коому менен биргеликте жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык түрдө аткарышууда. Кошумча маалымат берилет.Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт. 2018-жылдын 8-сентябрында Баткен облусунда, 9-сентябрда Ош облусунда мындай иш-чаралар өткөрүлгөн. Кийинки иш-чара Талас обусунда өткөрүлмөкчү.КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Опубликовано МЧС Кыргызстана Суббота, 15 сентября 2018 г.

Количество просмотров: 32