• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кеңеш айылына курулуучу мектептин долбоору даярдалууда

5 Аяк оона 20199:49 Бишкек Govori.TV

Нарындын Кеңеш айылында курулуучу жаңы мектептин долбоору мамлекеттик экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” сайты жазды.
“Мекеменин маалыматында, долбоорду иштеп чыгуу 2018-жылы башталган. Ага ылайык, мектеп 150 орундуу болот. Мамлекеттик экспертиза аяктагандан кийин курулуштун сметасы аныкталат”, -деп айтылат маалыматта.
Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы чоң талкууга жем таштаган.
Кошумчалай кетсек, 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен Нарын облусунун башчысы кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 93