Бишкек.05.06.2019.Govori.TV.
Орок айылына барган өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналисттердин суроолоруна жооп бербей кетип калды. Бул туурасында Akipress агенттиги жазып, видеосун жарыялады.
Абдраимов айылдагы жаңжал боюнча кыскача айтып берген. Журналисттер дагы суроо узатканда ал «Ала-Тоо 24» телеканалына гана жооп берээрин билдирди. Мунун себебин сураган журналистке «сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен» деп каткырып басып кетти. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сураганда «андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да» деп андан ары жолун улады.
Эске салсак, жаңжал 5-июнда эртең менен Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, экөө бир баланы сабап койгон.
Андан соң таяк жеген баланын туугандары айылга келген. Жаңжалдын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 30дай киши кармалып, Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) сотко чейинки териштирүүлөр башталды.