Спортчунун этикасынын кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командадан Роман Царев четтетилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кодекстин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жоруктарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөрү белгиленген.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 11-12-январында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатында Роман Царев 72 кг салмак категориясында 1-орунду ээлегендиги үчүн улуттук курама командасына киргизилген.
Кечээ, 23-декабрда Бишкектин милициясы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте шаардын тургунунан 380 миң сом опузалаган кылмыштуу топту кармаган. Колго түшкөндөрдүн бири балбан Роман Царев экени аныкталды.