Кечээ Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору дайындалды
Кечээ Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору дайындалды
3 Тогуздун айы 2018 14:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ведомстводо кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Башкы прокутартурадан билдиришти.
Башкы прокурордун буйругу менен Бишкектин прокурору Темирбек Бекмаматов болсо, ал эми Ош шаарына прокурор болуп Кубат Абдураимов дайындалды.
Темирбек Бекмаматов мурда башкы прокурордун орун басарлык кызматын аркалаган. Бул кызматтан ал 2015-жылдын башында Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен алынган.
Ал эми Чүй облусундагы Аламүдүн районунун мурдагы прокурору Кубат Абдураимов Ош шаарына прокурору болду.
Ленин районунун прокурору болуп Марат Кулжабаев, Жети-Өгүз районунун прокурору болуп Мирлан Ашырбаев, Тоң районунун прокурору болуп Тилек Сарбагыш уулу дайындалышты.
Ал эми Кара-Кулжа райондук прокуратурасын Эмил Ашырбаев башкарат. Ош облустук прокурорунун орун басары каза болгон Торо Кожошевдин ордуна Сүйүн Мамыров келди.
Манас Мураталиев Тогуз-Торо районуна аким болду. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна …