• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кээ бир аймактарда ысык суу өчөт

16 Тогуздун айы 202415:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн ысык суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-октябрдан 20-октябрга чейин жылуулук тармактарын көзөмөлдөө жана сыноо иштерин жүргүзүү үчүн жеке сектордогу турак үйлөрдө ысык суу өчүрүлөт.

Өчүрүү борбордук жылуулук системасы бар жеке сектордогу турак үйлөргө гана тиешелүү болуп, көп кабаттуу үйлөрдө суу өчүрүлбөйт.

Бардык суроолор боюнча Кардарларды колдоо борборуна кайрылсаңыздар болот: 1980, (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, (0701) 61-11-66.

Техникалык кызматтардын байланыш номерлери: (0312) 36-57-19, 30-07-67, 51-06-22, 21-74-06.

Количество просмотров: 228