• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Келдибеков УКМКга суракка кирип кетти

2 Бештин айы 202111:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Акматбек Келдибеков 2-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берүү үчүн барды.

Саясатчы 1-декабрдын кечинде да атайын кызматка суракка чакырылган. Мекеме Келдибеков 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу сурак берип жатат.

Расмий кабарда социалдык тармактарда тараган видеодо Келдибеков шайлоодогу добуш берүүнү баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө «тастыкталбаган негизде сүйлөгөн» деп жазылган. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, саясатчыны түшүндүрмө берүүгө чакырганы маалымдалган.

Количество просмотров: 689