• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Келе элек жатып иш бөлмө талашкан депутаттарга ЖКнын мурунку басма сөз катчысы кеңеш айтты

6 Бештин айы 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 7-чакырылыштын депутаттары келе элек жатып кабинет талашып жаткандыктары тууралуу кептерге өз пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ага телеканалдардын биринин кабарчысы телефон чалып, 7-чакырылыштын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатканын айткан жана мурун кабинеттер кантип бөлүштүрүлүп жүргөнүн сураган.

«Тилекке каршы, интервью берүүгө убактым болбоду. Ошентсе да, мурдагы пресс-катчы катары жаңы депутаттарга, эгер кабыл алышса, анча-мынча кеңешимди берип коёюн дедим, ушул кабинет маселеси боюнча. Урматтуулар, кийинки беш жыл бою отуруп иштей турган жериңиздерди азыртадан камдап койгонуңуздар эң туура иш. Ак үйдө жакшы кабинеттер чынында эле аз. Бирок, менин журналист катары байкаганым, кабинетке караганда жыйындар залындагы орундар да өтө маанилүү. Колдон келсе, микрофонго жакын жердеги креслону тандаңыздар. Айрыкча, процедуралык маселелер боюнча же башка маанилүү талкууларда чыга калып сүйлөп турууга абдан ыңгайлуу болот. Залдагы телекамералар дагы ошол микрофондун тегерегиндеги орундарды көп көрсөтөт. Сүйлөбөсөңүз деле таанымал депутат болуп калсаңыз болот. Кабинетти, эгер иштеген депутат болсоңуз күн тийген жагынан алыңыз. Эртеден кечке күндүн нурун көрбөй иштөө өтө кыйын. Эгер келип-кетме депутат болсоңуз көлөкө тарабы жакшы. Жайкысын ысып келгенде салкын кабинетте олтуруп алып чай ичкенден өткөн ырахат жок. Ал эми кабинеттин көлөмү, этажы депутаттык ишке анча деле таасир этпейт. Мисалы, «легендарлуу» алтынчы чакырылыштын депутаттары Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Алтынай Өмүрбекова, Рыскелди Момбеков, Абдывахап Нурбаев деген депутаттар, мен билгенден, дүйнөдөгү эң тар кабинеттерде отурушчу. Бирок, бул алардын таанымал депутат болушуна эч кандай тоскоолдук кылган жок. Мисалы, бир жолу депутат Нурбаев таза аба долбоору боюнча талкууну өзүнүн кабинети тардык кылып, менин да таптар, бирок аныкынан бир метрге кененирээк кабинетимде өткөргөнү эсимде. Ошондон улам, негедир кабинет канчалык тар болсо, иш ошончолук ийгиликтүү болот экен деп ойлоно берем. Убагында Дооронбек Садырбаев деле тар кабинетте олтурчу эле. «Жетинчи кабаттагы Камчыбек Жолдошбаев деген үлкөн депутаттын «королевский» кабинетин ким ээлер экен эми?»,-деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Ибрагим Нуракун уулу буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеп, октябрь айында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 1018