• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Келинин зордуктоого шектелген кишиге дагы бир иш козголду

18 Баш оона 202511:03 Бишкек Govori.TV

Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кызматтык иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Ленин РИИБге 2005-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2025-жылдын август айында кайнатасы ага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаганын билдирген. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

16-августта аталган кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү маалында 1974-жылы туулган И.А. аттуу жаран кылмыш ишин токтотуу үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган. Бул тууралуу жетекчиликке дароо кабар берилген. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин кызмат бөлмөлөрүнүн биринде 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.И. аттуу жаран кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган жаран шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда

Количество просмотров: 833