Чүй ОИИБдин маалыматына ылайык, мушташ 2-январда Ысык-Ата районунун айыл аймактарынын биринин борборунда бир нече айылдын жаштарынын ортосунда болгон.
Чатак айылдагы дүкөндүн унаа токтоочу жайында эки айдоочунун орун талашып уруша кеткенинен улам чыгып, ал массалык мушташка айланган.
Факты боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. 29 кишинин ичинен 11и кармалып, 18 адамга карата коомдук тартипти бузгандыгы үчүн протокол түзүлдү.
Тергөө уланууда.