• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Келтирилген зыян 173 млн. Жер тилкесин берүүдө коррупциялык схема аныкталды

25 Кулжа 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жер тилкесин берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын 1999-жылдагы токтому менен Б.Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95 га жер тилкеси Н.А. аттуу жаранга ден-соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзамсыз берилгени аныкталды. 2002-жылы мэриянын токтому менен жер тилкени мөөнөтсүз пайдалануу бөлүгү 49 жылга ижарага берүүгө өзгөртүлүп, андан кийин 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде жердин багыты көп кабаттуу үй курууга которулган жана “А” жоопкерчилиги чектелген коомуна 83 млн 520 миң 200 сомго сатылган.

«Ал эми 2013-жылы “А” компаниясы Бишкек райондор аралык сотунун негизсиз чечими менен көрсөтүлгөн жерди муниципалдык менчиктен жеке менчикке чыгартып, ага көп кабаттуу үйлөрдү куруп, андагы батирлерди жарандарга кымбат баада сатып, мыйзамсыз түрдө эбегейсиз пайда тапкандыгы такталды. Жогорудагыдай татаалдаштырылган коррупциялык схема аркылуу муниципалдык кызматкерлердин, сот органдарынын жана жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык жер тилкеси жеке колго өтүп, мамлекетке 173 млн сомдук ири зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар Башкы прокуратур тарабынан Жазык кодексинин 319 (Коррупция) жана 329 -беренелери (Кызматтык жасалмачылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 319