• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кеминде дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда

3 Бештин айы 202411:01 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө ишине бүгүн, 3-декабрда Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жалпы 7 адам тартылды.

Белгилей кетсек, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам 29-ноябрь күнү жайлоого сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.

Бул боюнча маалымат 102 кызматына 1-декбарда түшкөн, ал эми ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге 2-декабрда кайрылуу болуп, жалпы 46 адам ишдөө ишин жүргүзүшкөн.

Кошумча маалымат берилет

Теги:
Количество просмотров: 85