Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
“Биз Кыргызстандын аймагында уран казууга каршыбыз”. Мындай демилге менен кол чогултуп жүргөн Чүй облусунун Кемин районун тургуну Лира Оморова милиция кызматкерлерине сурак берип чыкты.
Жергиликтүү тургундун айтымында, райондук ички иштер башкармалыгына барып өзүнүн жасап жаткан кадамдарынын мыйзамдуулугун делидеп берди.
Айтымында, жаран катары өзүнүн позициясын тактоо — бул мыйзам бузуу эмес. Айта кетсек, бүгүн Балыкчы шаарында башталган митинг эртен саат 10до Бишкек шаарында улантылат.