• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Биволдун мурдагы аялы улутту кемсинткен сөздөрдү үчүн жооп береби?

21 Тогуздун айы 202521:18 Бишкек Govori.TV

ИИМ кемсинткен сөздөрдү камтыган видеонун таралышы боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги интернет тармагында аял киши унаа айдап бара жатып, ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеонун таркап кетишине байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Мындай аракеттерге жол берилгис жана улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине карама-каршы келет. Ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактоого, кастык козутууга жол бербөөгө милдеттүү.

Азыркы учурда аталган факты катоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды бири-бирине урмат-сый мамиле кылууга, өзгөчө коомдук мейкиндикте жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Дмитрий Биволдун мурунку жубайы кыргыз элин кемсинткени үчүн жоопко тартууну талап кылынган. Мындай чакырыктар акыркы убакта социалдык тармактарда көп кездешүүдө. Алар Екатерина Биволдун акыркы убакта кыргыздарга карата жаман сөздөрдү көп айтуусуна байланыштуу.

Адвокат Шердор Абдыкапаров мындай сөздөргө жол берилбей, улуттар арасында кастыкты козутуп жатканын айтты.

«Мыйзам мындай аракеттерге баа бериши керек», — деп эсептейт ал.

Количество просмотров: 294