• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кемпир-Абад боюнча камалгандардын адвокаттары бийликке талап койду

21 Бештин айы 2022 14:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын адвокаттары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, бийликке бир нече талаптарды коюшту.

12 адвокаттын турган топ өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экени эске салып, төмөндөгүлөрдү билдиришти.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, камалган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген. 14-декабрда алар саясий ачкачылык жарыялашты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

Количество просмотров: 52