• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кемпир-Абад боюнча жолугушууга бийлик кимдерди чакырды? (видео)

20 Тогуздун айы 2022 11:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кырдаалга байланыштуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу өтүп жатат. Президенттик администрацияда өтө турган жолугушууга чакыруу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун атынан айрым активисттерге берилген.


Жыйынга болжол менен 200гө чукул жаран чакырылганын көрүүгө болот. Алардын арасында эл өкүлдөрү, жарандык активисттер, чек арадагы аймактан келген жергиликтүү тургундар дагы бар. Саат 10:00гө белгиленген жолугушуу жабык өтөрү, катышуучулар ага телефонсуз киргизилери айтылды.

Кошумчалай кетсек, 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы айтылган болчу.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Количество просмотров: 646