• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кемпир-Абад боюнча караңгыда карайлаган жыйын өттү

31 Үчтүн айы 2023 16:01 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз кармалгандардын иши «Жашыруун» деген грифке кирди. Бул алардын айтымында жакындарына жана өздөрүнө кооптуулукту жаратып, адилет сот жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Буга байланыштуу тегерек стол өтүп, анда “Кемпир-Абад окуясын классификациялоого негиз барбы?”,-деген суроо талкууланды.

Кызыгы аталган мейманканада ушул жыйын өтүүчү залда гана жарык өчүк болду.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өзүнүн тажрыйбасында бул экинчи жагдай экенин белгиледи. Биринчиси Аксы окуясына байланыштуу болгон.


Жактоочулар Кемпир-Абад ратификациядан өткөндөн кийин, бул маселеде эмне сыр болушу мүмкүн экендигин экендигин сынга алышты.


Кемпир -Абад маселеси боюнча камалгандарга 100 күндөн бери бир да кылмыш далилденген жок. Сырга киргизип коюп, аларды бир жолу абакка калтырып коюуну болжолдоп жатат деген пикир дагы айтылды.


Ага президенттик аппараттын, аткаруу бийликтин өкүлдөрү чакырылган. Бирок, келишкен жок

Бул тууралуу Президенттик аппаратка, министрлер кабинетине жана ИИМне кайрылып, сурообузга жооп алалган жокпуз.

Количество просмотров: 1367