• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими мыйзамдуубу?

16 Жетинин айы 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун каралып, көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Эми келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Белгилей кетсек, талкуу болуп жаткан жыйындан депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова жана Чыңгыз Айдарбеков жыйындан чыгып кетишти. Депутат Мадумаров мындай кадамды кворум болтурбоо аракети деп түшүндүргөн.

Натыйжада аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун 3 окууда бирдей жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Аталган комитетке жалпы 14 депутат мүчөлүк кылат. Жыйындын соңунда 7 эл өкүлү добуш берди. Мындай жагдай кабыл алган чечимдин лигитимдүүлүгүнө доо кетерерин айрым эл өкүлдөрү айтышты.


Бул тууралуу «Govori.TV» айрым депутаттардын пикирин сурап көрдү. Толугу менен бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 549