• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кемпир-Абад»: Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

17 Жетинин айы 2022 15:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселе каралды.

Жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү. Мыйзам долбооруна 65 депутат макул 18 депутат каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, мызам долбоорлору бүгүн 3 окууда тең бирдей кабыл алынды.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Бирок тармактык комитеттин чечиминин легитимсиз болгонун бир топ депутаттар айтып чыгышты. Регламентке ылайык, мыйзам долбоорду добушка коердун жана чечим кабыл алардын алдында депутаттарды тактоо зарыл. Көпчүлүктү түзүш үчүн эң аз 8 депутат каттоодон өтүшү керек. Бирок чечим кабыл алууда 7 депутат гана катышкан. Мындай учурда регламент боюнча добуш берүү процедурасын кайрадан комитетке чыгарыш керек болот.

Количество просмотров: 366