• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши: Айтбаев камакта калды

17 Чын куран 202317:52 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунун тургуну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев 20-июнга чейин камакта калды. Мындай чечимди бүгүн, 17-апрелде Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 132