ИИМ Тергөө кызматы бийликти күч менен басып алууга даярданган деп жана массалык башаламандыкты уюштурууга айыптап жаткан “Кемпир-Абад иши” боюнча активисттерди, блогерлерди, укук коргоочуларды, журналисттерди жана саясий ишмерлерди коргоп жаткан адвокаттар, кылмыш иши козголгондон тарта бүгүнкү күнгө чейин айыпталуучулардын конституциялык укуктары жана адилеттүү соттук териштирүүнүн негизги принциптери бузуп жатканын белгилешет. Бул тууралуу жактоочулар тараткан маалыматта айтылат.
Төмөндө жактоочулардын кайрылуусун толук беребиз:
Жогоруда айтылган ырдаалга байланыштуу адвокаттар мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй өтүнүчтөр менен кайрылышат:
Адвокаттар:
«Кемпир-Абад иш» боюнча адам укуктарынын негизги бузулган учурлары:
1) Тергөө тарабынан айыпталуучуларды камакта кармоо мөөнөттөрү бир нече жолу узартылып, ошол эле учурда аларды камакта кармоо мөөнөттөрүн узартуунун негиздүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө жүйөөлүү өтүнүчтөр келтирилбей жатат. Соттор өз кезегинде айыпталуучуларды камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөнүн ар бир кийинки чечимдериндеги опурталдыктарды тыкыр карап жана аларды талдоо менен, айыпталуучулардын эркиндикке болгон укуктарынын бузулуп жаткандыгына кийлигишүү үчүн негизи катары карабай келе жатышат.
2) Тергөөнүн тергөө чараларын узартуудагы чексиз мүмкүнчүлүгү — айыпталуучулардын кылмыш иштерин акылга сыярлык мөөнөттө кароо укуктарын бузган.
3) Тергөө тарабынан айрым айыпталуучуларга котормочу берилген эмес, оозеки котормону протоколго жазуу жүргүзүлбөйт, айыпталуучулар кылмыш ишинин материалдары менен өздөрү түшүнгө тилде тааныша албайт.
4) 2023-жылдын январында тергөө жашыруун мүнөзгө ээ болбогон материалдарды жана документтерди категорияларга бөлүүнү камсыз кылбай туруп, бүтүндөй кылмыш ишине «жашыруун» грифин койгон. Кылмыш ишинин бардык материалдарын автоматтык түрдө жана дүңүнөн жашыруун кылуу — тергөөгө алар тараптан мыйзамды жана адам укуктарын одоно бузууларды жашырууга мүмкүндүк берди.
5) Тергөө тарабынан кылмыш ишиндеги «жашыруунга» кирбеген материалдарын бөлүү жана чектөө жөнүндө соттордун чечимдери бүгүнкү күнгө чейин аткарылган эмес. Ушул себептен улам, кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу көчүрмөлөрдү бербей жана адвокаттардын өздөрүнө көчүрмөлөрдү жасоо мүмкүнчүлүгү берилбестен, жашыруун түрдө уланууда. Азыркы учурда айыпталуучулар менен жактоочулар тергөөчүнүн кабинетинде отуруп, материалдардан үзүндүлөрдү кол менен жазууга аргасыз болушууда. Кылмыш ишинин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тартуу — айыпталуучуларды коргоонун натыйжалуу каражаттарга болгон кепилденген укуктарына шек келтирет, адвокаттык иштин кепилдиктерин, тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгын бузуп келе жатат.
6) Прокуратура органдары айыптоо позициясын ээлеп, мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн көзөмөлдөө функцияларын аткарбай келе жатышат. Айыпталгандар прокуратура тарабынан натыйжалуу коргоо укугунан ажыратылган.
7) Мамлекеттин биринчи адамдары, тергөө органдарынын жана прокуратуранын кызмат адамдары тарабынан айыпталуучулар жана кылмыш иши боюнча баа берип сүйлөгөн сөздөрү боюнча фактылар белгиленүүдө, муну менен күнөөсүздүк презумпциясынын принциби бузулуп жатат.
8) 2023-жылдын январь айынан тартып айыпталуучуларга карата баш коргоо чарасын узартууга, тергөөнүн аракеттерине жана чечимдерине каршы чыгууга байланыштуу бардык соттук териштирүүлөр кылмыш ишине «жашыруун» мөөрү басылгандыктан, жабык эшик артында өткөрүлөт. Буга байланыштуу айыпталуучулар кылмыш ишин ачык-айкын териштирүүгө болгон укугунан ажыратылган. Айыпталуучулардын туугандары жана жакындары, коомчулук, ЖМК, укук коргоо институттары акыйкат соттун стандарттарын камсыз кылууну көзөмөлдөөдө чектелип келишет.
9) Тергөөчүлөрдүн мыйзамсыз жана негизсиз аракеттерин/аракетсиздигин таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттордун чечимдерине карабастан, өз чечимдеринин аткарылышы, ошондой эле соттук чечимдердин аткарылышы боюнча адвокаттардын билдирүүлөрүнө карабастан, сот бийлиги соттук көзөмөл жүргүзүү иштерин аткарбай келе жатат.
10) Жогоруда саналган бардык мыйзам бузуулар адвокаттык ишмердүүлүктү ишке ашырууга тоскоолдук болуп саналат.