Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна берген апелляциялык сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизип, кайра жаңы сунуш берди. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, прокурорлор Медер Абдышев, Замира Байбагышева жана Урмат Осмоналиев айыпталуучуларга чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап жаза берүү сунушун киргизген.
Буга чейинки апелляциялык арызда алар Бишкек шаардык сотунан ишти башка курамда Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.
Эске салсак, 14-июнда Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы жана активисттерди актаган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.