• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму жылдырылды

13 Бештин айы 202414:54 Бишкек Govori.TV

3-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян дагы жылдырылды.

Бүгүнкү сот отурумуна эки адвокат келбей калганынан улам, кийинки отурум 20-декабрга белгиленди.

Кемпир-Абад иши боюнча сот быйыл 6-августтан бери өтүп жатат. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.

Ага чейин 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган.

Количество просмотров: 199