• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кемпир -Абад иши боюнча соттук угуу жабык өтүп жатат

23 Кулжа 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июнда Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угууну жабык карап жатат.

Жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгону белгилүү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта. Ал эми 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 117