• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кемпир-Абад маселеси каралган жыйында ЖМКга видео тартууга тыюу салынды

10 Тогуздун айы 2022 11:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрь саат 11:00дө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо маселесин карашат. Бирок, жыйынга ЖМК өкүлдөрүнүн камераларын киргизүүгө жана видеого тартууга тыюу салынган.

Маалыматка ылайык, жыйын учурунда журналисттер кагаз жана ручка колдоно алышат. Компьютер жана телефонго да алып кирүүгө тыюу салынды.

9-октябрда президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Кабарга» берген маегинде: «Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем», — деп айткан.

Акыркы учурларда «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилет экен» деген сөдөр айтылып, жергиликтүү жашоочулар нааразычылык акцияларын чогулушуп, маалымат талап кылышкан.

4-октябрда Өзгөн шаарына президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар барып, жабык жыйын өткөрүшкөн.

Количество просмотров: 1462