• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

6 Баш оона 201817:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2018-жылдын 5-август күнү саат 18:30 чамасында Ош облусун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

Ал эми бүгүн 6-август күнү издөө иштери улантылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:25те маркумдун жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 16