• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кемпир-Абаддагы» жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы болгон элге Ташиев жолукту

19 Чын куран 2021 13:25 Бишкек Govori.TV

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы болгон элге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барды.

Учурда ал чогулуп турган элдин пикирин угуп жатат.

16-апрелде Ош шаарынын Кара-Суу районунда Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашуун тургуну нааразылык билдирип чыгышты.

Алар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтып жатышат.

Төрт боз үй тигип алган ташиевдин келишин күтүп жатышкан.

Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жыйынына катышкан. Ал тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшканын, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер алмашуу принциби менен такталганын айткан.

Мисалы, «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылган.

Количество просмотров: 183