• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Кендирбаева Иманалиевдин эмне себептен кызматтан кеткенин айтты

3 Тогуздун айы 2023 11:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети Билим берүү министрлигине талапкер Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап жатат.

Депутат Айбек Маткеримов андан мурдагы министр Каныбек Иманалиевдин кызматтан эмнеге кеткендигин билесизби? деген суроо узатты.

«Ооба билем, анткени окуу китептеринин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча маселе чыккан. Мен дал ошол маселени чечүү боюнча иштейм. Экинчиден, министрликте антикоррупциялык өтө чоң тобокелдиктер бар, дал ошону кыскартуунун үстүндө иштейм», — деди Кендирбаева.

Эске салсак, Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган жок деген кине менен 7-сентябрда кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 8006