• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

12 жылдык окутуу системасы киргенден кийин эмне өзгөрөт?

25 Жалган куран 2024 11:57 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Govori.TVнын «Майдан» дебатында 12 жылдык окуу боюнча суроолорго жооп берип, бул окуу системасына өттүү менен чоогу аткарыла турчу иштердин пландарын айтып берди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү менен балдардын жаш курагы өзгөрбөйт. Себеби, балдар мектепке 6 жашынан бара баштайт жана бул бир топ иликтөөлөргө ылайык эң туура жаш курак.

«Кыргыз билим берүү академиясы менен эл аралык Кембридж стандарттары менен бирге кайчылаш иштелип жатат. Бул жайдак жерден келип чыккан маселе эмес. Буга чейин да даярдыктар бар эле. Ошондуктан Жогорку окуу жайлардын баары программасын транформация кылат. Балким бакалавриат бир жылга кыскарат. Анан ошондо бизде так илимдер классы өзүнчө, гумманитардык класс болуп бөлүнөт», — деди ал.

Министр кошумчалагандай, бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келген, бирок чечкиндүү кадамдар болгон эмес.

Кыргызстанда мектептерди 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү маселеси кайра талкууда.

12 жылдык окуу программасын киргүзүү Билим берүү жана илим министрлигин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп турганда көтөрүлгөн. Бул система дүйнөнүн 136 өлкөсүндө иштей турганы, муну менен өлкөнүн билим берүүсүн дүйнөлүк стандартка ылайык келтирүү максаты коюлганы белгиленген.

Количество просмотров: 207