• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Кендирбаева Кочкордогу мектептердин бирине күтүүсүз барды 

2 Тогуздун айы 2023 17:39 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы А. Бостонов атындагы орто мектепке күтүүсүз барып, анын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Алгач ал 11 жана 6-класстардын тарых, англис тили сабагына катышып, андан соң орус тили сабагына кирип, балдар менен баарлашты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер жамааты менен жолугушуп, аймактардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдыңкы методикалык ыкмаларды өздөштүрүү тууралуу пикир алышуу болду.

«Мугалим балдарды билим алууга шыктандыруусу керек, сабак өтүүдө жаңы ыкма, технологияларды колдонуубуз зарыл. Мугалим комиссия үчүн жасалма сабак өтпөстөн, ар бир сабакка чыгармачыл мамиле жасоону адатка айлантуусу тийиш», — деди ал.

Количество просмотров: 1493