• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кенжебек Бокоев, депутат: «Кытайдын Эксимбанкы менен 386 млн. доллар келишимди ратификациялоого 7 гана депутат каршы чыкканбыз»

10 Бугу 2018 16:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.05. 2018. Govori.TV

«2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш ТЭЦти модернизациялоо үчүн кете турган 386 миллион долларлык «Кредиттик келишимди ратификациялоо» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы 7 гана депутат каршы чыкканбыз». Бул тууралуу ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мен, Мыктыбек Юсупович, Курмандай Абдиевич, Улукбек Кочкоров, болуп жалпысынан 7 гана депутат каршы чыкканбыз! Ошондо айттым эле, Эл аралык келишимге жалгыз ТВЕА компаниясынын атын киргизген туура эмес, бул саясий коррупция деп. Анткени ТЭЦти тендер аркылуу модернизациялоо кылыш керек эле. Кытайдан алган кредит 2 % менен берилип жатат бул арзан кредит деп айтышкан, мен арзан эмес деп каршы болгонмун, себеби эл аралык келишимдерде 0,75 % менен кредиттерди алганбыз. Мына мен ошолордун айтып туруп кредиттик келишимге каршы добуш бергенмин»,-дейт ал.

 

Эске сала кетсек, учурда ТЭЦтеги авария жана модернизация маселесин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда

Количество просмотров: 6