• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кенжебек Бокоев, ЖКнын депутаты: “ Төө-буурчактын баасы 70ден 40 сомго түшүшүнө ким кызыктар экени такталсын!”

26 Чын куран 2018 14:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек 26.04.2018. Govori.TV

“Жылда жаз айында төө-буурчактын баасы жогорулап 100 сомдон да ашып кетчи, быйыл тескерисинче 40 сомго түшүп кетти…”Бул туралуу  бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтты.

Анын айтымында, төө-буурчактын баасы 70ден 40 сомго түшүшүнүн себебин жана ага кимдердин кызыкчылыгы бар экенин Өкмөт такташы керек.

«Учурда талаа иштери башталды, дыйкандар күзүндө баасы канча болот деп кабатыр болбой тургандай кылып өкмөт алдына ала божомолдоп баасын айтып турушу абзел. Керек болсо 100 сомдон түшүрбөй кармап турушу зарыл» деди ал.

Эске сала кетсек,  КРнын айыл чарба министри Нурбек Мурашев учурда төө буурчак сатыкта жок экендигин, сатылып бүткөндүгүн айткан.

 

Количество просмотров: 26