Кепшн видео: Адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү
Кепшн видео: Адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү
24 Баш оона 2021 12:25 Бишкек Govori.TV
24-августта Ош-Бишкек жолунда жол кырсыгынан 9 адам каза болду.
Honda Stepwgn Бишкектен Токтогул районуна бара жаткан. Ал эми Volvo жүк ташыган унаа Баткенден Бишкекке келе жаткан.
Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу уктап кетип, жүк ташыган унааны барып сүзгөн.
Ал эми 21-августта дагы Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан үч адам каза болгон. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн.
Ушул эле күнү баш калаа Бишкекте да жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду.
18-августта Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан каза болгон 7 кишинин эң улуусу 74 жашта болсо, кичүүсү 14 жашта болгон. Көз жумгандар бир айылдан.
Акыркы айларда жол кырсыгынан каза болгондор көп катталып жатат. Буга байланыштуу Бишкектеги авто мектептер текшериле баштады.
Үстүбүздөгү жылдын акыркы 7 айында Кыргызстанда 4000ге чукул жол кырсыгы катталып, 400дөй адам көз жумду. Былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 36% көбөйгөн.