• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кепшн видео: Асылбаеванын талаштуу маалымат мыйзамы ишке кирди

24 Баш оона 2021 16:38 Бишкек Govori.TV

 Садыр Жапаров талаштуу “Жалган  маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар 28-июлда кабыл алган.

Долбоордун авторлору  мыйзам «фейктерге» каршы күрөштө жардам берерин айтышат.

Мыйзам өкмөткө соттун чечими жок эле “жалган” маалымат таратты делген сайтты жаап коюу укугун берет.

Ал эми депутат Бекешев мыйзамдын залакасы бийликти сындагандарга гана тиет деген ойдо.

Активисттер жана эл аралык уюмдар президентти мыйзамга кол койбоого чакырып келишкен.

Алардын айтымында бул мыйзам сөз эркиндигине коркунуч туудурат.  

Бул мыйзам былтыр “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, ЖК үч окууда удаа кабыл алып, президентке жөнөткөн.

Жарандык коомдун нааразылык акцияларынан соң ошол кездеги президент Жээнбеков аны кайра артка кайтарган.

Количество просмотров: 91