• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кепшн видео: Аткаминерлердин ашынган жоруктары

7 Бирдин айы 2022 18:59 Бишкек Govori.TV

Баткенде аткаминер блогерди «муштаганы» боюнча териштирүү башталды. Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов, көчмө жыйынга катышуу үчүн барган блогер Батмакан Жолболдуевага кол көтөргөн.

Ураимов анын «расмий ЖМК өкүлү» эмес экенин айтып, жыйынга киргизбей койгон. Бул факт милицияга катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Мындан улам коомчулукта аткаминерлердин жүрүм-туруму, жасаган мамилелери сындалып, буга чейинки жоруктары эскерилди.

2021-жылдын 22-декабрында УКМКнын имаратынын алдында нааразычылык акциясы өткөн. Митингчилерге чыккан Камчыбек Ташиев активистке видео тартууга тыюу салган.

Бул сыңары көрүнүш чек ара маселесине байланыштуу маалымат жыйында да болгон.
Анда Ташиев журналисттин берген суроосуна ачууланып, чыгып кетүүсун талап кылган эле.

Ал эми Энергетика министри Бекмурзаев пресс-конференцияда суроолорго толук жооп берүүдөн баш тартып, жыйындан чыгып кеткен.

Ал эми кечээ жакында дебатка чакырылган Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев түз эфирдин алдында басып кетти.

Министр буга келген катышуучулардын айрымдары менен жеке пикир келишпестиктерин жүйө кылды.

Акыркы учурда аткаминерлердин жогорудагыдай жоруктары мамлекеттик кызматтагыларга этиканын талабы барбы? деген суроолорду жаратууда.

Количество просмотров: 1290