• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Биз билген Жээнбеков… Ырдап келген, сөгүнүп кетти

16 Тогуздун айы 2020 21:02 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда расмий түрдө кызматтан кетип жатканын жар салды.

Үч жыл өлкө башчысы кызматын аркалаган Жээнбековго бул аралыкта бир далай сындар, мактоолор айтылды.

“Мен сени сүйөм, өмүр” деп орус тилинде ырдаган Жээнбеков 2017-жылы шайлоодон жеңип, өлкө башчы болгон.  

Премьер кезинде эле жеткечилерге талабы жогору болгон Жээнбеков президенттик кызматында да чиновниктерди зекип, эл алдында тургузуп алып, сындаганы коомдо талкуу жаратчу.

Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатып жаңылып коомчулуктун талкуусуна жем болуп, айрымдары шакабага да айланган.

Ал эми президенттик ишине киришип жатып, Жээнбеков президенттик кортежден баш тартып, жолдорду жаптырбоо чечими коомчулуктун көңүлүнө жаккан эле.

Жээнбеков президенттик ишинде Кыргызстандын аймактарына көп чыкты. Алардын биринде жергиликтүү өнөр жайга барган Президент ата мекендик өндүрүштөгү туфли сатып алып эл оозуна алынган.

Ал эми президенттин эң алгачкы эмгек өргүүсү коомчулуктун эсинде калды. Анын басма сөз кызматы тараткан сүрөттөр соцтармактын эмгегине айланган.

Сооронбай Жээнбековдун “факты жок” деген сөзү коомчулукка терең сиңген десек болот.

Ал эми өлкө башчынын эл оозуна алынган кыймыл аракеттеринин акыркысы болуп, “Жээнбеков сөгүнүп жатат” деген аудиотасма болду. Анда эки адамдын сүйлөшүүсү жазылып, бири Жээнбеков экени айтылган.

Өлкөдөгү оор кырдаалды жана наразычылыктарды эске алуу менен “элимдин тычтыгы, кызматтан жогору” деген Жээнбеков, элден кечирим сурап, мөөнөтүнөн мурда президенттиктен кетти.

Количество просмотров: 7308