• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кепшн видео: Диплому шек жараткан аткаминерлер…

15 Кулжа 2021 19:27 Бишкек Govori.TV

УКМК депутат, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун жасалма диплому аныкталганын билдирди. Ал учурда “коррупция” беренеси менен тергөө абагында.

Атайы кызмат депутат окуусун толук аяктабаганын айтат.

Кыргызстанда буга чейин да аткаминерлердин  жасалма диплому ачыкка чыккан учурлар болгон.

Алсак, 2018-жылы өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун диплому күмөн жараткан.

Буга Сарыбашов жооп кайтарып диплому бар экенин, бирок айылда калып калганын айткан.

Ал эми Галмамат Анапияевге мыйзамсыз түрдө диплом берилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ал  Оштун Мамэкотехинспекциянын жетекчиси болчу.  

Документти жасалмалоо иши экс-депутат Кубанычбек Нурматовго  карата да козголгон. Ал ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору эле.

Башкы прокуратура ЖАМКтын бөлүм жетекчиси Юрий Коробкиндин жасалма диплом алгандыгын аныктаган.

Ал диплом Коробкинге кызматтык тепкичте көтөрүлүп, аскердик жогорку наам алууга жардамчы болгон.

Жасалма диплом чырындамурунку өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин да аты аталган.

Ал эми мэрия кызматкери Айбек Өмүралиев жасалма диплом алууга айыпталып, кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 2373