• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Инаугурациясына миллиондорду коротуп, пайдасы тийбеген ажоолор…

22 Үчтүн айы 2021 19:09 Бишкек Govori.TV

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом коротуу жана аземге даярдыктардан улам жолдун жабылуусу коомдо талкууга жем таштады.

Көп өтпөй Жапаров өзү да бул ойго каршы чыкты.

Ал арада коомдо чет өлкөлүк башчылардын инаугурациясын мисал кылгандар чыкты…

Молдованын президенти Майа Сандунун инаугурациясына 110 852 лей (546 000 сомдой) жумшалса, ал эми аземге Санду жөө келген.

АКШ президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде ант берди, азем көрүүчүлөрсүз өттү.

Ал эми Кыргызстандын мурунку ажолору ант берүүгө  канча акча коротушкан?

Аскар Акаев 

Тунгуч президент кызматына 3 жолу келип, инаугурациядан өткөн. Бирок коротулган каражаттар боюнча маалымат жок. Азем Ак үйдө өткөн.

Курманбек Бакиев

Эки жолу президент болгон Бакиевдин инаугурациясына 2005-жылы 21 миллион, 2009-жылы 20 миллион сом коротулган. Орусиялык ырчылар келген. 2009-жылы азем Ала-Тоо аянтында чет элдик коноктор менен 10 миң адамдын катышуусунда өткөн .

Роза Отунбаева

Өткөөл мезгилдеги ажонун инаугурациясына 9 миллион сом корогон . Иш-чара 2010-жылы  Улуттук филармонияда өткөн.

Алмазбек Атамбаев

Президент Атамбаевдин ант берүүсунө 10 миллион сом сарпталган. Азем филармонияда 2011-жылы өткөн.

Сооронбай Жээнбеков

Жээнбековдун инаугурациясына 8 миллион 404 миң 248 сом бөлүнгөн. Салтанат “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болгон. 

Количество просмотров: 221