Кепшн видео: Кайра шайлоого аттанган «эски» партиялар
Кепшн видео: Кайра шайлоого аттанган «эски» партиялар
7 Аяк оона 2021 12:47 Бишкек Govori.TV
28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого 75 партия катышуу ниетин билдирди. Алардын арасында эски жүздөр дагы эле бар.
Алсак, «Ата Мекен» социалисттик партиясы. Лидери — Өмүрбек Текебаев. Партия 1992-жылы 16-декабрда түзүлгөн. 1995-жылдан бери парламенттик шайлоого катышып келет.
«Социал-демократтар» партиясы. Негиздөөчүлөрүнүн бири-Алмазбек Атамбаев. 1993-жылы 1-октябрда түзүлгөн.
«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы. 1991-жылы 30-декабрда түзүлгөн. Негиздөөчүлөрүнүн бири — Турат Дүйшеев.
«Ар Намыс» партиясы. Лидери жана негиздөөчүсү — мурдагы премьер-министр Феликс Кулов. 1999-жылы 19-августта түзүлгөн.
«Афганистан согушунун ардагерлери» саясий партиясы. 1994-жылы 14-октябрда түзүлгөн. Буга чейинки шайлоолорго катышып, жеңишке жеткен эмес.
«Баба Дыйкан» Кыргызстан дыйкандарынын партиясы. Төрагасы — Эсенгул Исаков. 1999-жылы 22-сентябрда түзүлгөн.
«Замандаш» партиясы. Лидери жана негиздөөчүсү-маркум Мухтар Өмүракунов. 2007-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө партияны Мухтар Өмүракуновдун уулу Аскарбек Өмүракунов жетектеп келет.
Ленин округундагы кайра шайлоо: Добуштарды кол менен саноо аяктады
Бишкектин Ленин райондук округунда өткөн шайлоодо добуштарды кол менен саноо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, 51 шайлоо тилкесинен бардык документ (протоколдор, …