• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Өлкөнүн өнүгүүсүнө иштеген «Кыйын»

1 Бештин айы 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

GOVORI.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин түптөлгөнүнө бүгүн 4 жыл толду.

“GOVORI.TV”  медиа  айдыңына 2017-жылы кирип, өз ишин баштаган. 

Бул Кыргызстанда сайтка үзгүлтүксүз түз эфирди чагылдырып турган эң биринчи интернет-телеканал. 

4 жыл аралыгында GOVORI.TV  бир нече телевизиондук долбоорду ишке киргизди.

Алардын эң эле белгилүулөрүнүн бири — “Кыйын” ток-шоусу.  

 “Кыйын” обого 2019-жылы чыгып, ушул мезгилге чейин  100дөн ашык  чыгарылыш жарык көрдү.

 “Кыйын” ток-шоусу эксперттик потенциады ачууга багытталган.

Көрсөтүүгө беделдүү саясатчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер  баш болгон өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган инсандар катышып келет.

“Кыйындын” алкагында агенттик айымдарга тренинг уюштуруп, лидерлик дареметин калыптандырууга мүмкүнчүлүк түздү.

Эки жыл аралыгында 7 дубандан келген алдыңкы, активдүү, максатына жете билген жалпысынан 85 айым тренингден өттү.

Чыкканына аз убакыт болсо да “Кыйын” көпчүлүктүн сүйүп, күтүп көргөн көрсөтүүсүнө  айланды.

GOVORI.TV агенттиги коомчулукка маалымат жеткирүүдө бейтараптуулукту карманып, болгонун болгондой так жеткирет.

Govori.TV. Ачык айтып, ак сүйлө!

Количество просмотров: 488