• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку соттун төрагасы Базарбеков “Govori.TVнын” башкы директорун кабыл алды

2 Бугу 2023 19:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков “Govori.TV” агенттигинин башкы директору Кайыргүл Урумканованы кабыл алды.

Жолугушууда тараптар кесипкөй жана сапаттуу журналистиканын баалуулугу, сот системасынын ачыктыгынын маанилүүлүгү тууралуу маселелерге токтолушту.

Кайыргүл Урумканова төрагага «Govori.TV» иштеп турган бардык мезгилде өзүнүн редакциялык саясатында материалдарда объективдүүлүктү карманып келгендигин айтып, бүгүн Бишкек шаардык сотунда агенттиктин кабарчысы менен болгон окуяга кылдат көңүл бурууну өтүндү.

Өз кезегинде Жогорку Соттун төрагасы окуя боюнча тыкыр ички текшерүү жүргүзүлөрүн баса белгилеп, мындай окуялардын көз жаздымда калбоосу керектигин кошумчалады.

Эске салсак, 2-майда Бишкек шаардык сотунда сот приставдары тарабынан журналистке күч колдонулган. Шаардык сотто «Кемпир-Абад» иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралмак. Деген менен отурум баштала электе сот приставдары журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, күч колдонуу менен аны сыртка сүйрөп чыгышкан. Журналист окуядан кийин Сот Департаментине, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, Бишкек шаардык сотунун приставдары Жунус уулу Ш. менен Жамгырчиев Канатка карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Количество просмотров: 73