• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кепшн видео: Мэр Бишкекти кооздоого канча акча коротту?

17 Бештин айы 2021 17:18 Бишкек Govori.TV

Башкы аянтты кооздоо иштери аяктады. 25 метр балатыны жасалгалоого 5 миң метрге жакын гирлянда, 1,5 миң метр дюралайт илинген.

Шаар тургундары үчүн атайы сүрөткө түшүү аянтчасы орнотулган. Бул быйылкы жасалгалоонун өзгөчөлүгү.

Балаты менен аянтты кооздоого 5,6 млн. сомго тендер жарыяланган. Буга чейин көчөлөрдүн жасалгасы социалдык тармактарда талкуу жараткан болчу, муниципалдык ишкана түшүндүрмө берди.

Калаага 2-3 жыл мурда коюлган фигуралардын 70 % оңдолуп коюлган. Ошол эле учурда жарактан чыккандары дагы бар.

Борбордук аянтты «Тазалык» жана «Бишкекжарыктын» кызматкерлери кооздогон. Бүгүн «Ала Тоо» аянтында жаңы жылдык балатынын жарыктары жандырылат.

Количество просмотров: 1714