• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: «Райым миллионду» сактап калуу операциясы…

25 Бирдин айы 2021 17:42 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаровдун бул сөзүнөн көп өтпөй Райымбек Матраимов кармалган.

Бирок, анын кармалуусун коомчулук шоу деп атады. Себеби, май куюучу жайдан Матраимовдун колуна кишен салган адам анын таанышы болгон.  

Коррупцияга айыпталган экс-бажычы мамлекетке 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүүгө убада берип, үй камагына алынган.

Атайы кызмат Матраимов бул каражатты акчалай жана мүлк менен төлөгөнүн айткан.

Сот күнөөсүн моюунуна алган “Райым миллионго” тергөө менен кызматташты деп, 260 миң сом айып чегерген.

Өкүмдөн кийин жаралган сындарга УКМКнын төрагасы Ташиев жооп берген.

Көп өтпөй Матраимов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысы боюнча кайрадан кармалды.

Бул жолу сот аны 2 айга камакка алды.

Абактагы Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп, андан соң ооруканага түшкөнү айтылды.

Ал арада экс-бажычыны Кыргызстанда дарылоого болбой турганы, ал Дубайга кетээри жөнүндө кептер тарады.

Бизде абакка түшкөн аткаминерлер ооруп, ооруканга жатып калуусу жалгыз көрүнүш эмес.

Бирок, көпчүлүгү Кыргызстанда эле даарыланып келгени ачык.

Деген менен оорунун шылтоосу менен абактан чыккандар да жок эмес.

Количество просмотров: 306