• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кепшн видео: “Сөгүнчөөк” ырчылар наамынан ажыраса, а чиновниктер кандай жаза алат?

13 Үчтүн айы 2021 19:29 Бишкек Govori.TV

Маданият министрлиги Курал Чокоевди «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинен ал эми Кайрат Примбердиевди «КР эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу жана министрликтин “кара тизмесине” киргизүү сунушун берди. Мындай жазанын себеби, Чокоевдин ютуб каналындагы сөгүнгөн сөздөр көп айтылган долбоору болгон.

Сураган кечиримине карабай министрликтин мындай жазасын коомдо колдогондор да, сындагандар да болууда. Коомчулукта “сөгүнчөөктөрдүн” баарын эле жоопко тарталы деген сунуштар да айтылды. Себеби, бизде сөгүнгөндү жакшы көргөндөрдүн арасында аткаминерлер да кездешет. “Сөгүнчөөк” дегенде алгач эле Балыкчынын экс-мэри Алмаз Мамбетов эске түшөт. Бул кылыгынан көп өтпөй Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалганы учурунда сынга алынган.

Деген менен мурунку өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү да мындай мүчүлүштүк кетирген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков “сөгүнчөөктөрдүн” катарына октябрдагы башаламандык учурунда кошулду. Жээнбеков сөгүнүп жатат деген аудиожазуу соцтармактын эрмегине айланган.

Ал эми Бишкек мэринин мурунку кеңешчиси Гуля Алмамбетова соцтармак аркылуу депутат айымды сөгүп, шаар жетекчилигин ыңгайсыз абалга калтырган.

Жаралган жагдайда калктын маданий өнүгүүсүнө бир гана маданият өкүлдөрү жооптубу деген суроолор жаралбай койбойт.

Количество просмотров: 209