• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кепшн видео: Талаштуу Үңкүр-Тоо кимге таандык?

15 Жалган куран 2021 17:32 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр.

Ал эми кыргыз бийлиги Кыргызстан аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр.

Президенттин басма сөз катчысы тараткан бул маалыматтан соң коомчулукта талкуу жаралды.

Айрымдардын айтымында, Үңкүр-Тоо башынан эле кыргыз тарапка таандык.

Кыргыз- Өзбек  чек арада тактала  элек тилкелер көп.

Алардын катарында  Жалал-Абаддын Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар.

Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан.

2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймакты өзүнүкү деп чыккан.

Количество просмотров: 107